куркулда
- Курк-курк этүү, курк-курк эткен дабыш чыгаруу.
- Каниет кылбай, ичсем-жесем, дагы алсам экен деп жутунуу, опкоктонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ырга айтам деп, / Төөлөр барат далпылдап, / Сынык өркөч төөлөрдүн, / Өркөчтөрү салпылдап, / Кыройттоп учуп кузгундар, / Асмандан айтып каркылдап: / Куулар учуп куркулдап, / Букалар мөөрөп бултулдап, / Мен да айтам кабар, деп, / Толкуп суулар чулкулдап, / Мен айтамын анык, деп, / Кашкулактар мултулдап: / Айгыр айтып аркырап, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Адырды кирип аралап, / Кетип барат куркулдап, / Учурап калды алдынан, / Шылдыраган бир булак, / Булактын келди жээгине, / Турбай өтө берерде, / Кеңкулага тил кирди: / — Э, Кененим баатыр, ай, / Эрдигиң бар, эсиң жок, / Эчтеке менен ишиң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лди Букарга, / Жорулар келди далбаңдап, / Бүркүт келди калдаңдап, / Карчыга келди кыпылдап, / Кыргыйек келди зыпылдап, / Кара турна чуйкулдап, / Кошулуп кузгун куркулдап, / Аккуулар келди сабалап, / Койго конгон булбулдар, / Канаты талып кургулар, / Тотукуш, күкүк бу да бар, / Канатуу келди Букарга, / Карахан келип дал болуп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен силерди жеймин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →