куркуй

китептерде 3 жолу
  1. Ичке, арык, бою узун көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мынабу мештин түбүндө мойнун куркуйтуп жаңыдан чөгүп жаткан каз болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көчкүн болсо куркуйган узун бойлуу, балчайган сары неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аты — Жамат,— көзү көк таштай, чеңкийген, ээрдинен эзели желки кетпеген, мойну ичке, куркуйган сары неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →