куржун

китептерде 110 жолу, 10 китепте
  1. Арта салынып жүрүүгө ылайыктап жасалган, ортосу бириктирилген эки көздүү баштык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Араб, жөөттүн элдери, / Анча-мынча ат минет, / Көбүнчөсү төө минет, / Куржунун артып мойнуна, / Өз жеринде жөө жүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куржунга салып дарысын, / Койбой алып барысын, / Сүтүн артып Байматка, / Артынып өзү башкасын, / Бастырып кетти жол тартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Куржундун эки көзүн төрт жолу толтуруп барып төктүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →