курдаш

китептерде 33 жолу, 7 китепте
  1. Курбу, теңтуш.
  2. Жашы бирдей, жашташ, тең чамалаш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камдап баарын келгенде, / Алдындагы чалууга, / Токочтон жүздү жегенде, / Эт алдына келгенде, / Суунун уулу Суумерген, / Эшиктен кирип келди эле, / Бери кел дебей курдашын, / Бербей жалгыз жеди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал Карадөө курдашым, / Акылмандын бири эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара бет барып кеп айтат, / Улуусунуп деп айтат: / — Кел эжекелер, — деп айтат, / Кичүүсүнүп кеп айтат, / Ой курдаштар деп айтат, — / Түндө жатып түш көрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →