кургакта

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Кургак кылуу, сууну, ным болгондорун алып, тазалап, кургак нерсе салуу, кургак абалга келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суумергендин артынан, / Кубалап жолго киргели, / Кургакта күнүң жыйырма алты, / Сууда жүрдүң сегиз күн, / Күнү-түнү санаты, / Алтымыш сегиз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дун бөлүнүш, / Айрылышаар жер эле, / Азиз хандын Алмамбет, / Амалы арбын, акыл көп, / Айласы артык неме эле, / Кайырдыдан тоспосун, / Канымды сууга кошпосун, / Кургакта басып нетейин, / Аш кайнамдык жол калды, / Суунун түшүп түбүнө, / Сүзүп өтүп кетейин” - / Деп ойлонуп Шыпшайдар, / Жанындагы заңгисин: / — Кара жол менен баскы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен суу турат, / Болбосо өзү кургакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айтканымды кабыл ал, / Суу ичинен изин чал, / Из болбосо кургакта, / Өзөндү бойлоп жолго сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ным тартып калган белем, деп, / Кулагында дарыны, / Кургактап салып барыны, / Курбудакы кулжаны, / Коборбой атып жыгам, деп, / Жана атса от жебей, / Жаштык кылып Сейити, / Эч нерсени элебей, / Бекер мылтык ал эмес, / Бейбаратке кишиден, / Калган мылтык деги эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →