курбу2

китептерде 32 жолу, 9 китепте курбу 1 →
  1. Бир нерсенин кыр болуп чыгып турган бөлүгү, жээги, кыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асылбача, Бекбача, / Таласка барып жай алды, / Бейчеки баскан барбы, деп, / Бел-белден Асыл жол чалды, / Күзгө салкын шамалда, / Ит агытып, жаа тартты, / Токойдон жолборс, бугу атты, / Төр-төрдөн карап айуу атты, / Курбудан кулжа сулатты, / Текесин таштан кулатты, / Илбирс менен чөө атты, / Ийри мойун төө атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайберенди талкалап, / Капчыгайга сулатып, / Сонундардын терисин, / Сойдуруп алып Кубатай, / Балбандарга жыйнатып, / Илбирси бар, бөрү бар, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Какжаңдап карың кыйналсын, / Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азаматтар ачка өлсүн, / Куугунда өлсүн азоолор, / Куйугуп өлсүн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тапан хан курбуң жиберди, / Алдыңа келдим, Куткарбас, / Өзүңө келдик арз айтып, / Айлабызды өзүң тап, / Шоркөлдө калды чачылып, / Тапан хандын алтын так, / Жетисууда меники, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ай, / Кармап сойсо чекеден, / Өзөндө жаткан курунан, / Он эки айры бугудан, / Тоо эчкинин сурунан, / Аралашып айдашып, / Кулжа жатчу кумунан, / Тоо кийик жүрчү курбудан, / Айдап келди тайгандар, / Алтымышты мындайдан, / Байыркынын айбаны, / Адамдан артык кам кылган, / Баарысын жарып кайыптын, / Сомбилектин жанына, / Сүйрөп кел… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →