куранды
- Курак, куралган, куралып жасалган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызылкыз жетип караса, / (Өмүржандын Кызылкыз, / Дөө пери жиндин баарынан, / Сыйкыры арткан ушул кыз) / Инжил менен куранды, / Калтырбастан бүт билген, / Бүт билгенде жат билген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Курама темир курч кылдың, / Куранды жыйып журт кылдың, / Кытай, калмак кулданып, / Алып кеткен кыргыздын, / Ажыратып баарысын, / Алтымыш уруу алаш деп, / Ай-ааламга дүң кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк анда кеп айтат, / Каныкей менен Бакайды, / Катары менен муңайтат: / — Үзүлгөндү улаган, / Жыртылганды жамаган, / Кыркылганды жалгаган, / Кылымга ишин арнаган, / Курама темир курч кылган, / Куранды жыйып журт кылган, / Акыл ээси карылар, / Айтканга кулак салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сагынгандыр, Семетей, / Сен окуган куранды, / Кабылан Манас жан досум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ «Куп-у-валла-ад» Куранды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →