куран1
- Жаратуучунун, Кудайдын ыйык китеби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куран окуп күмбөзгө, / Бараар күнү түшүмдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алакан жайып, кол ачып, / Куран окуп Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арка алган, кулжа алган, / Эчки алган, теке алган, / Элик, куран, жээрендин, / Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойон атың токулбай, / Ак кураның, үйүңдө, / Ачылбай калды окулбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →