курам

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Татаал бирикмелерден турган бүтүндү түзүүчү бөлүктөрдүн жыйындысы.
  2. Белгилүү бир коллективди, уюмду түзүүчү адамдар.
  3. Ар түрдүү элементтерден, заттардан түзүлгөн бирикме.
  4. Бири-бирине чиркелген темир жол вагондорунун тутуму.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алик алып саламды, / Бир карады баланы, / Кармашкандан кажыбас, / Болгон экен убагы, / Жыйырма бештей толуптур, / Ошол кезде курамы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мурадилдин артынан, / Ээлүүдө бар курамы, / Жатка окуган “Кураны”, / Колу менен жасаган, / Койнунда бар кудайы, / Калмактардын Уушаңы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Белгисин айтчы Сейиттин, / Жаш курамы канчада? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Үстүңө алтын күмбөз курам. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →