курак1
- Кандайдыр бир материалдын кесилген, өөнөлгөн бөлүктөрү, кыйыктары, өөнү жана андан жасалган буюм, кийим-кече, төшөнчү ж.б.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаш эмессиң Орунбай, / Кары эмессиң Орунбай, / Элүүдөн ашкан курагың / Акылың толгон убагың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кем-керчи жок салынган, / Кураксыздай жымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →