кура
- Ар кандай өөн, кесинди, кыйыктарды бириктирүү, куроо.
- Үстү-үстүнө кошуп, бириктирип жыйноо, топтоо, куралтуу, көбөйтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ырыскан антип сурады, / Кара Чекир божурап, / Айтчу кебин курады: / — Мынабу кырдын нар жагы, / Күмүш булак түз керүү, / Ураандуу жайлоо жерибиз, / Жетисуу эли деп койот, / Биз дагы кыргыз элибиз, / Жетисууда жети улук, / Па…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кекилик кармап алчуудай, / Кишиге кылтак жайасың, / Түлкү кармап алчудай, / Жер көөлөп капкан курасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…нөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куруп калган бул желдет, / Уккан сөзүн улады, / Көргөн ишин курады, / Тазкаранын кептерин, / Аскер чыгып аттанып, / Элдер дүрбөп кеткенин, / Айтып желдет бүтүрдү, / Уккан-көргөн иштерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →