кур2
- Курулай, куру бекер, эч негизи жок, жөндөн-жөн.
- Эчтемеси жок, жөн, курулай.
- Бош, бекер.
- Жөн эле, калп эле, эч кандай негизи жок, жасалма түрдө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйын курба талаада, / Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, / Жакын болбо жалаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алты курдай беттешип, / Аңтара сайып Дөрбөндү, / Эр Чигитей баш кести.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, / Өлтүрүп салбай ошондо, / Багып жүрүп курган жан, / Сенден көрдүм кардыкты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →