куп1
- «Макул», «макул, болот» деген мааниде колдонулат.
- Абдан, эң мыкты, ойлогондой.
- Тангыч формадагы этиш сөздөр менен бирге айтылып, «эч», «эч бир», «түк» деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куп жыйылдың баарыңар, / Арамдык кылган Алмамбет, / Бир айласын табыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суракчы Бакай болуптур, / Колдон келген чагымда, / Баарыңды сойуп койбогон, / Мага да куп болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Куп болду бул иш мага — деп, / Өз башыма мейли эле, / Мени — деп, — жүрүп бул өлсө, / Гүлчорого убал» — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →