кундуз
- Териси баалуу, сууда жашоочу кара күрөң түстөгү сүт эмүүчү жырткыч жаныбар.
- Ушул жаныбардын териси.
- Ушул жаныбардын терисинен жасалган кийим.
- Ушул жаныбардын терисиндей (түсүндөй) жылтылдаган чачка карата айтылат.
- Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүнү жана аттын шыйрагынын ушул тушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…огуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагынып, / Эки эли кундуз жээктеп, / Белдемчисин кагышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…р бар, / Ачакан менен Дабытай, / Булар жүрөт табалбай, / Түгөнүп калган кыргызда, / Жылтылдатып кылканын, / Кийип жүрөт жаш балдар, / Андыктан кыргыз элдери, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / Кыргызга окшош жанга бай, / Кыр сактаган аскердей, / Кылактап тур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыбай деген аты бар, / Алган печет каты бар, / Кара сакал жайкалып, / Кундуз ичик, суусар бөрк, / Минген жорго чайпалып, / Хандарыңдан кем эмес, / Катардан калаар эр эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ун өзү деп, / Өзү тургай буруусуз, / Как караган көзү деп, / Ачып көздү жумгунча, / Азыткыга жетем деп, / Алдында минген Телкүрөң, / Кулжадай башы кылтылдап, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Баладай жалы балкылдап, / Туйагы тийген нечен таш, / Талкаланып быркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Урган таштай зыркырап, / Ачып көздү жумг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шалак-шулак жалтылдап, / Сууну бойлоп кундуздар, / Сүзүп барат кылкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →