кунан

китептерде 51 жолу, 10 китепте
  1. Эки-үч жаштагы эркек жылкы.
  2. Жалпы эле ири малдын ушул жаштагысын билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билегинен күч кетти, / Өпкөнүн кара тамырдан, / Кунан уйдун белиндей, / Өкүрөңдөп кан кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көк бөрү тартып, кунан чаап, / Курбудан кулжа уулашат, / Каз-өрдөккө тынч бербей, / Шумкарын салып куулдашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кунан уйдай жаткан ок, / Копуруктап салды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →