кумура
- Борсогой карапа идиш. Көбүнчө шарап, суу сактайт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда туруп Каргалдай: / — Айланайын акебай, / Сизден кары атам бар, / Кумган менен кумура, / Суу куйуучу жана бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →