кумдуу

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Куму көп, кум баскан, кумдак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Афрыка элинде, / Ысык кумдуу чөлүндө, / Шутуру көп, жылкы аз, / Аларга болор чоң жаман, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айбанда доңуз эң жаман, / Адамда Чиктей көк каман” / Ойуна алып Кененим, / Ат койуп баатыр келаткан, / Сары кумдуу куу чөлдө, / Кулагын салып Кененим, / Тайгандардын үнүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Караңгы токой жер менен, / Каптал кара коо менен, / Капчыгайлуу зоо менен, / Карайган бийик тоо менен, / Казылган кара жол менен, / Каңшыган кумдуу чөл менен, / Чалкалап жаткан төр менен, / Чалкып жаткан көл менен, / Бугусу калың жер менен, / Бурулуп аккан сел менен, / Буркулдатып Абдылда, / Буудандан акка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Артыш, Маралбашыдан, / Тумшук менен Чыландан, / Айкөл, Аксуу, Байлардан, / Жам, Кызыл, Күчөр калаадан, / Башабегим, Көрлүдөн, / Карашаар, Дабанчын, / Сайапу кумдуу шорунан, / Салып жүрүп олтуруп, / Уланбай да эшиктен, / Жамбылга кирчү тешиктен, / Барып кирди Токтосарт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →