кумда
- Металл буюмдардын датын, кирин кум менен жышып тазалоо.
- Кумдан тазалоо (мис., эгинди).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ажал алып жакадан, / Айдап келген жети иттин, / Каны кумда чачылды, / Сулаймат ишин бүтүрдү, / Минген тактан түшүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Жети дөөнү кошо алып, / Асманда жүргөн канаттуу, / Алп кара куш кушту алып, / Жүйрүндү сойуп тилин жеп, / Дүйнөдө калбай тил билип, / Анын уулу Сейити, / Кызыл кумда кан ичти, / Кара дөөнү баш кылып, / Тогуз-онду кейитти, / Коркконунан Сулаймат, / Кылжыке кызын бериши / Сейитиден Бекбача, / Дөө менен пери жанашып, / Тең кел…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жашыл кумда чабыттап, / Жакындаган учурда, / Жумурткадай жумалак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кери кетпей энеңдин, / Ушул үйгө келгенден, / Күмүшбулак, Түзкерүү, / Бүткүл аркар жергеси, / Күн чалбас Күмүшбулакта, / Карды салык кара аркар, / Жалгыз жүрөт кумда оттоп, / Ага барбайт башка аркар, / Кол башындай сандыкка, / Салып койуп сактаткан, / Жети чымчык жаным бар, / Минип жүргөн Тоотору, / Ишенимдүү малым бар, / Т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бөлтөк жүн келген кер байтал, / Оттоп жүрүп талаадан, / Ээрчитип келген Тайбуурул, / Атасы тоонун тобурчак, / Энеси чөлдүн музбурчак / Канаттуу тулпар Буурул ат, / Ойдо тууп кумда өскөн, / Кулжа менен бирге өскөн, / Тоодо туруп ойдо өскөн, / Кулан менен бирге өскөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →