кумалак

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Оюндун түрү.
  2. Койдун коргоолу.
  3. Төлгө тартууда, тогуз коргоол оюнунда ж.б. колдонулуучу тоголок майда таштар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уңканып, / Угуп калган кишиге, / Кулагын төшөп тыңшатып, / Чоор тарткан дагы бар; / Кыйылдатып кыйкактап, / Кыл кыйак тарткан дагы бар; / Түн ичинде уктабай, / Кумалагын артынып, / Куржунга сала жүргөн бар; / Канжыгалап чүкөсүн, / Байланганы дагы бар; / Падышасын баш кылып, / Баатырына кайтартып, / Кара аскерин тиздирип, / Кешт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бирден ташты алыптыр, / Кумалак санап калыптыр, / Таш салбай киши калбады, / Бийликке аны шайлады, / Тизгинди берип Манаска, / Кетерине калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бала уктаткан, / Таласта жатып жай алып, / Жамбашка карыш май алып, / Жаштары ойноп дуулдап, / Улак тартып, кунан чаап, / Карылардын кылганы, / Чатыраш, кеште, кумалак, / Ойноп жаткан кезинде, / Эч нерсе жок эсинде, / Күн батыштан төө тартып, / Майда-барат соода артып, / Төөлөрүн чиркеп чубатып, / Айылдын наркы четине, / Керб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кумалак ойноп, ордо атып, / Жигиттер черин кандырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аялынын сөзү менен кедей эки жолдун айрылышына келип, жоолугун жайып коюп, ага кумалактарды чачып салып олтура берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →