кулундуу
- Кулуну бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулунга ноктоо салбады, / Музоону кошо таштады, / Козуу-улакты агытып, / Аттуусу өтүп бээченден, / Тайлуусу өтүп төөчөндөн, / Ала бука – уй минип, / Унаасы жогу жөө жүрүп, / Тирүү бенде жан калбай, / Сапырылып жөнөдү, / Бешикте бала ыйлабай, / Кулундуу бээлер туйлабай, / Кетип барат эл мындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канчорону көргөндө, / Сагынган ээсин Тайбуурул, / Кулундуу бээдей ыйлады, / Буурулду алып жетелеп, / Үнүн улап Бакайдын, / Ойдуңга кирип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →