кулун

китептерде 143 жолу, 10 китепте
  1. Жылкынын жаңы туулган төлү, тай болгонго чейинки жашы.
  2. өт. Баланы эркелетүүдө же «туяк», «тукум», «бала» деген түшүнүктү билдирүүдө колдонулуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар, / Кап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйуктуруп Кулунуң, / Кууп алып жылкыңды, / Кумардан минтип чыкпасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кой, кулунум, барба — деп, / Каныкей турду кан какшап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Аялым эгиз эркек, бээм эркек кулун тууду-дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →