култулда

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Тынч турбай, ары-бери култ-култ этүү, тез-тез кыймылдоо, козголуу.
  2. Куулануу, купшуң-купшуң этүү, амалдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келарс келет кырсылдап, / Суу иттери мултулдап, / Суу уйлары култулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бөлүнүп калды Медеркан, / Урушкандай бултулдап, / Эти семиз булкулдап, / Өзү жакыр култулдап, / Сакалы кыска мултулдап, / Элди баштап кулжуңдап, / Жолго түштү купулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Эрлигин мунун көрсөм” – деп, / Жамгырчы турат мултулдап, / Тонуна батып токтобой, / Алп Жамгырчы култулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шум канчыкка суктанып, / Оолугуп сүйлөп Куткарбас, / Оозунан көбүк буртулдап, / Көрүп туруп шуркуйа, / Токтоно албай култулдап, / Сейитини жеңер, деп, / Жеңилип калса Сейиттен / Амалым менин кетер, деп / Кош эмесе, деп койуп, / Жүрүп кетти шуртулдап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүгүн Тайтору байге алганда, / Жылдыз курттай жылтылдап, / Эми жетип келипсиң, / Соога сурап култулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →