култуй

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Оюн эч кимге билдирбөө, ичинен тынып унчукпай калуу, сыр алдырбоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Асыл менен алышып, / Каны агып жошулуп, / Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп, / Кабагын ачпай бүркөлүп, / Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, / Каракөз айтат ошондо, / Кара жанга күч келип: / — С… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки көзү алаңдап, / Эки эмчеги салаңдап, / Эки бети тултуйуп, / Бойу узун болсо да, / Мойну жикер култуйуп, / Күмбөздөй башы бар экен, / Чынардай бойу сүлкүлдөп, / Пил менен Сазан келатат, / Жер козголуп дүңкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туулгасы тултуйуп, / Туурасы жоон култуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Саадагын асып мойнуна, / Жебесин кармап колуна, / Ууга учун сугарган, / Ишенич бар уугуна, / Жебени кездеп жаа тартып, / Кененимди со… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кодо эмес коркойуп, / Узун эмес, койкойуп, / Семиз эмес тултуйуп, / Жоон эмес култуйуп, / Узун эмес сүлкүлдөп, / Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, / Эти жадоо кагалес, / Өтө мыкты чабендес, / Ыкшоолук кылсаң элебей, / Тогуз-он койуп жиберет, / Үстү-үстүнө дембелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сулаткамын экөөнү, / Сомбилек андан эр эмес, / Айтып болуп мөндүрү, / Ойуна албайт өлүмдү, / Чөмөрүп туулга томпойуп, / Туурасы жоон, бойу пас, / Оройу суук култуйуп, / Сакалы жок ээгинде, / Караса башка мултуйуп, / Түк чыкпаган дегеле, / Эки бети тултуйуп, / Аркасын карай бурулуп, / Баш бербеди жулунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →