кулпун

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Көрктөнүү, көркүнө чыгуу, кооз, жакшынакай болуп көрүнүү, кулпуруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырды тигип кулпунтуп, / Шамаал чайкап жулкунтуп, / Кайыпты уулап бөлүнтүп, / Агызып канын төгүлтүп, / Кыр-кырда жүргөн Жедигер, / Турнабай менен көрүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келгин келип болуптур, / Көлдөр кууга толуптур, / Токойдо кыргоол кулпунуп, / Топ-топ болуп тоодактар, / Куйругу жок мултуйуп, / Каз-өрдөк келген кез, / Каркылдап жүнүн жеген кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бетеге менен айуу чач, / Көөдө менен кой шыбак, / Кара кыйак буудай баш, / Түлкү мурун, жылтыркан, / Күн чагылып кулпунган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акылы артык Айчүрөк, / Ак тотудай кулпунуп, / Күлө карап кеп айтат: / — Ажыке, айтчы — деп айтат, — / Карындашың Чүрөктү / Чынкожо менен Толтойго / Бермек болуп келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алп Бозой абдан карыган, / Акылы качып арыган, / Жолун сурап Таластын, / Сомбилек алган каты жок, / Күрөөкө кийип кулпунтуп, / Бууданды минип булкунтуп, / Антип келген чагы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →