кулкун
- Жеген тамак-ашты жута турган жер, орган.
- Напси, алкым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кыргыздын жакшылары болсо бий, болуш талашуудан, бирөөнү жакыны кылып жанына алып, бирөөнү кырына алып, кырсыгын тийгизип, пара жеп, кулкунун майлоодон бошобойт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок, кулкунуңдан коркуп, бир өнөрүмдү үйрөткөн жок элем, аным акыл болуптур, – дептир.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →