кулжуңда
- Кулжуң-кулжуң этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаатташып урушуп, / Жаак айрышып жүрбөсүн, / Эки уул энчи талашып, / Мал айрышып жүрбөсүн, / Куру намыс талашып, / Кулжуңдашып жүрбөсүн, / Сенден кантип калам деп, / Мулжуңдашып жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деген, / Кулакка кеби угулуп, / Кайра тарта басканда, / Улугу анын Кубатай, / Кулагы угуп калыптыр: / — Кулжуңдаган чунак кул, / Менден болбой уруксат, / Барар болсоң кыргызга, / Убара болбой жата тур, / Кой, Балтыркан кой!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…йбой кырбайбы, / Жүр, Саламат, жүргүнүң, / Испанды кууп жетели, / Кыргызга тийбей жүрүшкө, / Ачакандын тилинен, / Тилкат алып кетели, / Коржоңдосо тил албай, / Кулжуңдаша кетели, / Оттогон койон ээктенип, / Мулжуңдаша кетели, / Батышпаган уруудай, / Жулжуңдаша кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эсендик сурап жобурап, / Жакып турат кобурап, / Карагысы келбестен, / Карахан турат кулжуңдап, / Кулжуңуна койобу, / Бай Жакып жолун тороду: / — Атайылап алыстан, / Алдыңа келдим, Карахан, / Айтканыма кулак сал, / Алдыңа келген жумуш бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш калкалап күн кечтиң, / Кутулаар айла табалбай, / Кулжуңдап бүгүн келипсиң, / Тойдубу кардың сеники?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →