кулактуу
- Кулагы бар, кулагы бир нерсеге окшоп кеткен, окшоштугу бар.
- Кулагы соо, дүлөй эмес, кулагы жакшы уккан.
- өт. Акыл-эси ордунда, акылы жетик.
- Кармай турган кулагы, туткасы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кырк кулактуу казанын, / Эр төштүккө алдырып, / Ак калпак кыргыз буларда, / Тапан хандын кеги бар, / Алы келбей баратса, / Куткарбаска жалынар, / Куткарбас Тапан хан болсо, / Кошулуп ага мен болсом, / Сейити торго чалынар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ойлобой айткан кебиңди, / Өз башыңа күч кылам, / Ойнодуңбу, чыныңбы, / Ордуң менен түз кылам, / Бир кылбайым үч кылам, / Бүткүл кыргыз элиңди, / Желмогузга жуткурам, / Унуткусуз иш кылам, / Кырк кулактуу казанды, / Кыргыз, сага таптырам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Биз жердеген Шоркөлдөн, / Кырк кулактуу казанды, / Төштүк алып чыккан дейт, / Төштүктүн кылган иштерин, / Бүткүл кылым уккан дейт, / Ошол Төштүк Манаска, / Кол куушуруп турган дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Улай Чүрөк айтканы: / — Кулактуу кара челекте, / Айран кошкон жарма бар, / Жалдырабай ошону ал, / Ичип кардың тойгондо, / Ашканы болсо төгүп сал, / Жөлөнүп албай кырчоого, / Киши көрбөс жерге бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Анда эң жакшы түш, эмесе мен аны өлтүрөт экемин, – деп Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казан болуп, ичинде толтура эт болуп кайнап турду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →