кулакташ

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Бири-бирине кабарлаш, өз ара байланыштуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…елгисиз, / Эч дарегин биле албай, / Жай жайына тарашып, / Калдык келип калат деп, / Күндө жолду карашып, / Көргөн билген барбы деп, / Бекбача менен Калдыкты, / Кулакташып турушту, / Лопнур, Азык аралдан, / Кашкар, Жеркен, Анжыдан, / Таластан бери сурашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулакташып угушуп, / Үчөөбүз келе жатабыз, / Ат жеткисиз алыстан, / Абийириң кетет, эки хан, / Жол талашып чабышсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыйбанын чоңу Дабытай, / Короосунда Мырзакмат, / Бирине-бири кулакташ, / Дүйшөмбүдө Козубек, / Акун хан менен жакын дейт, / Укпай калса жакшы эмес, / Ошолорго бара кет, / Оогандан чыгып ойлосоң, / Кызыл сууну бойлосоң, / Келечи менен Нишапур, / Аттап өтпө ошондон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эми Сумурукту табам деп, / Хан Сулаймат шартынан, / Калтырбай баарын орундап, / Анан кызын алам деп, / Адам билбес бир жерге, / Алыска кетти ыраактап, / Келип кетти коштошуп, / Мени менен кулакташ. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…сойуптур, / Ал маңгытка жол бербей, / Андан бери биздин эл, / Эркин жаткан ченебей, / Тынымкан деп сулуу кыз, / Биздин элден чыкканы, / Сулуулугун ар кимдер, / Кулакташып укканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →