кулакта
- Кулактан кармоо, кулакка асылуу.
- өт. Бир нерсени тындырып алып калуу, ээ болуу, өндүрүү үчүн артынан сая түшүп аракеттенүү, артынан калбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Менин атым Дордоно, / Бүттү кебим ошончо, / Лопнурдан киши тапмакмын, / Азык, менен Кашкардан, / Кулак төшөп кеп тыңшап, / Бекбачаны кулактап, / Калдыкка айтып турмакмын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кедери изин кубалап, / Топтоп, жаштар, баргыла, / Тобуңду бузбай калдайып, / Каңгайдын жолун чалгыла, / Кармашканы ким экен, / Кулактап угуп калгыла, / Кандай иш болсо тыйакта, / Бизге кабар салгыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кулакта күйгөн шамы бар, / Маңдайында багы бар, / Соорусуна карасаң, / Салаа-салаа калы бар, / Бабай Өмүр сылаган, / Ошол калды билип ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укканмын кабар кулактап, / Айчүрөктүн бойунда, / Күмөн курсак кетти, деп, / Кыйаз тойго чакырган, / Айчүрөктү алам, деп, / Мен да мындан жөнөгөм, / Ошол тойго барам, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мен укканмын кулактап, / Күн батыштын тарабын, / Калдуубет сүрдүү дегенин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →