кулак1
- Адамдардын, жаныбарлардын угуу мүчөсү.
- Угуу сезими, бир нерсенин дабышын сезүү, кабыл алуу мүмкүндүгү.
- Баштын угуу органы орношкон жериндеги кемирчектүү калканчы.
- Тумактын кулакчыны.
- Нерсенин кармоо, көтөрүү үчүн атайын жасалган бөлүкчөсү.
- Кылдуу музыкалык аспаптардын кылын бурап, чертилүүчү күүгө ылайыктоочу тетиги.
- аңч. Кара мылтыктын дары куйган жери.
- Кара мылтыктын от алдыруучу кулагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп бааты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Амана…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →