кулаалы

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Саргыч күрөң же көгүш түстөгү кыргыйдан чоңураак жырткыч канаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөн адам жер толуп, / Аккан канга сай толуп, / Адырга жылкы-ат толуп, / Кузгун чукуп көз ойуп, / Киши этине жабылып, / Учарлыктан тынарлык, / Баары келип чогулуп, / Кажырлар учуп калдаңдап, / Канаттары далбаңдап, / Айры куйрук, кулаалы, / Учуп жүрөт салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эчтемени элебей, / Көзүн көргөн көпчүлүк, / Эси калбай кенедей, / Таластан келген бул жерге, / Шум дүйнөнү каргашып, / Баары калды жемелей: / — Кууну алды кулаалы, / Семетейдин жанында, / Кулаалы Кыйаз турбайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…нда учуп бүркүттөр, / Таң чабыты калкылдап, / Бийиктен учуп кажырлар, / Тарп карашып далпылдап, / Алдында кузгун түшүптүр, / Кекиртеги таркылдап, / Айры куйрук кулаалы, / Ар жерде жүрөт салпылдап, / Чакчыгайлар чакылдап, / Көргөнүн туурап такылдап, / Талдан талга секирип, / Сагызганы шакылдап, / Желип жүрөт карышкыр, / Оозун … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →