кула2
- Жыгылуу, тоголонуу, учуп түшүү, көмөлөнүп кетүү.
- Жатып калуу, жатыш үчүн жыгылуу.
- Жеңилүү, жыгылуу.
- Талкалануу, жок болуу, кыйроо.
- Өтпөй калуу, оңунан чыкпай калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кун кубалап алам деп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Ко…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кубатай өлдү, кулады, / Коросон коркуп чуулдады, / Кол куушуруп Ырыскан, / Оогандын журту тынч калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошол жылы тууганы – / Сен сураган кула тай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →