кул
- Кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз эркек киши.
- Эмгеги, тапкан мүлкү бирөөнүн менчигинде болуп, ага көз каранды болгон эрксиз адам.
- өт. Бирөөнүн эркин, талабын унчукпай орундай берген, анын ою менен болгон, өз алдынча, өз эркинче аракети болбогон адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ким болду белек казакка, / Айбан кул, анда билдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Ээ, Дабытай эрсиңби, / Эрегишкен нечен кул, / Эми айлаң кеткенби, / Эптүүлөнүп келдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– деп, / Буту менен көрсөтүп, - / Бузук кул, сени айтам, — деп, / Бетинен чыгып каары, / Бурулуп Көкчө карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →