кукулда
- Кук-кук этүү, кук-кук эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кекиликтей кукулдап, / Таранчыдай быжылдап, / Таркап кетип ар кайда, / Болбойлу эми жаман ат, / Дагы кебим дагы бар, / Дагы кулак салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйдү көздөй басты эми, / Кетпей калар бекен деп, / Кесел чындап тийди деп, / Кеп айтпастан жатты эми, / Акундун кызы Айчүрөк, / Асмандап учуп алды эми / Абдан шамал салды эми, / Канатын көккө каккылап, / Куйругун көккө чапкылап, / Көтөрүлгөн Айчүрөк, / Кукулдап учуп калды эми, / Куйун шамал салды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Куу инген кетсе букулдап, / Көлдөкү куулар кукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →