куйту

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Куу, митаам, амалдуу, эки жүздүү, куйтуланган бузуку.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Агеркеч Көкчө жар экен, / Акылга мукам жан экен, / Агеркечке жумушкер, / Куйту күң деген бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Миң нарга азык арттырып, / Кыймылдагыс тарттырып, / Кара калпак, калчаны, / Тажик, жуда - барчаны, / Аралай жүрүп айкөл шер, / Чукулдап жете барганы, / Куйтунут деген жерине, / Манас түшүп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал Бакдөөлөт байбиче, / Сыр чыныны суна албай, / Бөйпөлөктөп турду эле, / Чыдай албай Бакдөөлөт, / Бөлөк чыны сунду эле, / “Чунак куйту балама, / Сыр чыныга куйгунуң, / Арам күңдүн, каапыр ай, / Бул эмине кылышы, / Ыраа көрбөй турабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Ырас эле куйту таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →