куйрук
- Куймулчак сөөгүнө туташкан дене бөлүгү, кээ бир жаныбарлардын чычаң сөөгүнө туташкан, чубалжыган мүчөсү, шыйпаңы.
- Канаттуулардын көчүк жаккы бөлүгүндөгү топ канаттары.
- Койдун куймулчак сөөгүнө туташкан, семиз, майлуу келген мүчөсү.
- Учуучу аппараттын (мис., самолёттун, вертолёттун) учуу аракетине ылайыктап жасалган арткы бөлүгү.
- Жалпы эле чубалжыган, бири-бирине туташкан арткы бөлүгү.
- өт. Бирөөнүн артынан ээрчиген, анын пикирин жактаган, таламдаш болгон адам.
- өт. Бир нерсенин аягы, калдыгы, калган бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйруктан түтүн буу чыгып, / Обону карай созулуп, / Күүсүнө чыдап тура албай, / Көөнөргөн дубал-тамдардын, / Канчасы калды бузулуп, / Коргондору бүт элге, / Үйдө-эшикте олтурган, / Талаа-түздө жүргөнгө, / Доошу такыр угулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →