куймулчак

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Түп жагы бел омурткасына жана жамбаш сөөктөрүнө туташкан көчүк жаккы сөөк, куйруктуу жаныбарлардын чычаң сөөгүнүн түп жаккы бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

басайын, / Көмөрө сайып Тору аттан, / Тартып алып найзамды, / Как далыга бир койуп, / Көтөрүп алып барайын», / Ойуна алып ошентип / Ак каңкы эрдин башы деп, / Куймулчактын учу деп, / Жыгылар жери ушу деп, / Кызыл сур менен кылаңдап, / Кыйын Отор кара ниет / Качырып найза шилтеди, / Болжогон жерге муштады, / Карыш жери найзанын, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Уй куймулчак Сарала, / Макмал жүндүү мал экен, / Үстүндөгү мингени, / Падыша чени бар экен, / Өңкөй мүчө келишкен, / Эки далы кең экен, / Өнөрдүн өз кени экен, / Көрүнүп турат келбети, / Көй кашканын бири экен, / Баштан айак чыр экен, / Башкача элден тың экен, / Башташаар болсоң сен келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Уй куймулчак Сарала, / Уйулгуткан бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйшаңдабай шыбырап, / Куймулчак кыпчып жатпасаң, / Кордукка башың саласың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Уй куймулчак Сарала, / Уйулгуткан бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →