куйкала
- Күйгүзүү, өрттөө, күйгүзүп жок кылуу, күлгө айландырып салуу.
- Малдын баш-шыйрагын же канаттууларды отко (жалынга) кармап жүнүнөн, түгүнөн тазалоо, жүнүн, түктөрүн күйгүзүү.
- Кактап ысытуу, ысык илеби келип туруу.
- өт. Ичин күйгүзүү, намысына тийгидей кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…е, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кобурлуу жерде кулжаң бар, / Кумдай кийик мында бар, / Кулжаңды макул атайын, / Куйкалап этин татайын, / Корголоп зоонун түбүндө, / Курушуп бир түн жатайын, / Кунсуз жанды бакканча, / Кубаарым этин татайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Айчүрөктү олжо алып, / Хан Семетей, Гүлчоро, / Шер Сейитек, Карадөө, / Баштарын кесип байланып, / Ак күмбөздү талкалап, / Арстандын таап өлүгүн, / Отко салып куйкалап, / Сыр коргонду кулатып, / Түптүз кылып уратып, / Жубан-келин, кызды алып, / Малды айдатып чубатып, / Эркек киндик дегинди, / Баарысын сойуп сулатып, / Кетемин…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кубалап изин табайын, / Куйкалап сөөгүн өрт койуп, / Куршугумду жазайын, / Куршугум менин басылсын, / Буулукканым жазылсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →