куйка
- Баш тери, баштын териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Теңсинбесе бир бала, / Курушту куйка терибиз, / Үрпөйдү төбө чачыбыз, / Ачууландык баарыбыз, / Бир жанга кантип ал келбейт, / Чогулушсак баарыбыз, / Деген ойло кумсардык, / Байрак тиктеп туу сайдык, / Найза күүлөп төш жайдык, / Биз көпчүлүк, ал жалгыз, / Канат керип дагдайдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чойун алпты жарганда, / Кумардан чыгып канганда, / Кайра кетти Кененим, / Коркпосо келип көрүшсүн, / Жазайын анын берейин, / Куйкасына чач койбой, / Бирден санап берейин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки колуң байлатып, / Жаза кылып айдатып, / Куйкаңды тилип туз куйуп, / Таманыңа шиш кагып, / Унутулгус иш кылып, / Бүтүрөйүн ишиңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чойтолоң айтат мындай деп: / — Куткарбас аттан жыгылып, / Куйкасы кумга тыгылып, / Сизден жарлык болгон жок, / Биздин аскер козголуп, / Кыймыл этип койгон жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →