куй3
- Суюк же чубурма майда нерселерди агызуу, чубуртуу, идишке же бир нерсенин үстүнөн, ичине төгүп куюлтуу.
- Катуу жаап кирүү, төгүү.
- Куйма суулар өзөнгө, дарыяга, көлгө ж.б. агып келип кошулуу.
- Эритилген, суюлтулган же жумшак массага окшогон нерсени калыпка салып, белгилүү формага келтирүү, куюлган калыбында катырып коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козубектен кеп угуп, / Чалдын баары оолугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / С…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →