кузгун
- Тарп жей турган, түспөлү кара карга сыяктуу болгон ири канаттуу.
- өт. Эзүүчү, залим, арам тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылган оңолбос, / Акырында соо болбос, / Айтканын танып коржоңдоп, / Мурадил өлдү Казанда, / Нескара өлдү Сайрамда, / Уушаң өлдү Нарында, / Такыр баарың жем болдуң, / Кузгун менен кажырга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ум үйдөй чойун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көнөктөй этин кескилеп, / Карга, кузгун тойушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карга кузгун көзүбүздү чукуп, курт-кумурска уялап, бир-эки күндө ирип-чирип да бүтөөрбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →