кужулдаш

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Бири-бири менен кужулдап сүйлөшүү, кужу-кужу этип кобурашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жагында жаталы, / Сол жагында жатпасак, / Кандай болсо Кеңколдун, / Бир жерине жаталы, / Көрбөгөн жер бул Талас, / Бачымдата бастырып, / Биз коргонго баралы, / Кужулдашып кужурап, / Коргонго барды чукулдап, / Дарбазанын алдында, / Орунбай калды учурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кужулдашып кеңешти, / Кетирмекчи кеңеши, / Эсине алып ушулар, / “Элчиге өлүм жок” деген, / Жер бетинде бар кепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коросондон кутулуп, / Таалайы андан пас болуп, / Кужулдашып олтуруп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кужулдашып эзилип, / Кара койум дүмпүлдөк, / Ойномок болду эригип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →