кужулда
- Кужу-кужу этүү, кужулдашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…асаба, ар желек, / Жерге батпай кылкылдап, / Кара курттай кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Жерге батпай жыбырап, / Алты хан келип баш кошту, / Ар башка сүйлөп кужулдап, / Биринин кебин бири укпай, / Таранчыдай быжылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кош жаңырык кужулдап, / Өйүз-бүйүз зоолору, / Кербен келген белем, деп, / Соодагер келген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мерге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— / Деп, сүйлөшүп кужулдап, / Куржундары мойнунда, / Манжу менен жапандын, / Курттай болуп чубуруп, / Булар түштү жолуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…рагандан жан чыгып, / Аркасында айдары, / Сайга чыккан тал чыбык, / Ыдыгына чыдабай, / Алдынан шамал дуу чыгып, / Кара жүздү байкаса, / Кудай бетин нары кыл, / Кужулдаган куу чыгып, / Куйругунан атынын, / Созула түшүп, буу чыгып, / Кара тил найза колго алып, / Чокморун артып, жонго алып, / Кылычын салып кынына, / Айбалта байлап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →