кудуңда

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Аябай сүйүнүү, кубанычы койнуна батпоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жумшаган киши барыптыр, / Учураша калыптыр, / Тили оозуна жукпаган, / Жулуңдаган неме экен, / Токтоно албай кыйшактап, / Кудуңдаган неме экен, / Түндө чыккан жылдыздай, / Жымыңдаган неме экен, / Орго салган түлкүдөй, / Кылыңдаган неме экен, / Күлүп сүйлөп ырсактап, / Мылыңдаган неме экен, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →