кудурет

китептерде 30 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсени аткарууга, иштөөгө жарагыдай кубат, ал, дарман, аракет кылуу мүмкүндүгү, чама.
  2. дин. Кудай, жаратуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тентек бала эр Асыл, / Теңдеши жок шер Асыл, / Теңдешээр киши чыкты, деп, / Ойуна албайт кенедей, / Зым-зым этип зымырап, / Бучкагына теңебей, / Карап турат калдайып, / Эч нерсени элебей, / Ак калпак кыргыз уланын, / Эр жараткан кудурет, / Адамзаттан ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин Сейити, / Ырысына кудурет, / Эп келтирип беришти, / Он төрт менен он бештин, / Ортосунда кара көк, / Кызыл кумдай ысык чөл, / Жети дөөнү жеңиши. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балтадан, / Калбады тарпы жарактан, / Пендеден мындай эр кылып, / Кудурет кандай жараткан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жинди болду Чачыкей, / Арнап берсе аш жебей, / Казабың менен кудурет, / Кар кыласың ченебей, / Кызмат кылдым кыргызга, / Күнөөм жоктур кенедей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →