кудук
- Суу алуу үчүн жердин суулуу катмарына чейин казылган чуңкур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңешели экөөбүз, / Табалы мунун айласын, / Мадыбек менен Мадана, / Тартабыз чындап балаасын, / Кара жер калсын каңгырап, / Таштайлы мунун Таласын, / Хан башыңда чабарман, / Болуптурсуң, Шоорук хан, / Башың менен кудук каз, / Кутулуп сен да калбайсың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгачтын Карасуу, / Түбү тартма кудук бу, / Кирген тирүү калабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Агаң сенин мен болом, / Укканымды ойлосом, / Уктабай көөнүм кир болом, / Кудайга болдум ыраазы, / Сага кошуп койгон соң, / От койгондо Беттибет, / Суу тартуучу кудукка, / Түшө качып экөөбүз, / Өлбөй тирүү калган кез, / Уу берди деп катыны, / Элге тарап жалган кеп, / Атыбызды которуп, / Эмгичекти жүргөн кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– деп кудукка куюндап кирди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →