кудалаш

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Куда болушуу, кудалыкка макулдашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азыркысын карабай, / Түпкүлүгүн ойлойлу, / Кыз алар болсо кыргыздар, / Жедигерге барышсын, / Кудалашып алышсын, / Куда болуп курчалып, / Кол кармашып муңдашып, / Сырдашып анан жанышсын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулетен бай Агышка, / Кудалашып жүрчү эле, / Толук билбейт Агыш жаш, / Ал деле билбейт Манас жаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алып келем дебегин, Кудалашып келем, де, / Бербес болсо Орус хан, / Сенин уулуң болгон соң, / Бекер кантип келейин, / Жудаалашып келем, де. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кызынын аты Айчүрөк, / Сен бойумда бар элең, / Белкуда болгон атакең, / Кудалашкан жайың бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кудалашып кыз алмак, / Кыргыздын салты башынан, / Кубалашып жылкы алмак, / Душмандын иши мурунтан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →