кудайы

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. Бей-бечарага, тилемчиге, думанага кудайга арнап, атап берилген нерсе.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайдан келген эр Сакта, / Бойу тоодой бир барча, / Саадагын салып мойнуна, / Жебесин алып колуна, / Бар сайманы бойунда, / Бастырып чыкты буркундап, / Ылат-мылат булардын, / Колдой турган кудайы, / Катылуу жүрөт койнунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…нуна, / Найзасын илип карыга, / Балтасын байлап жанына, / Кылычын салып кынына, / Чокморун кысып такымга, / Беш кабат кемер кийинип, / Көкө теңир колдо, деп, / Кудайына сыйынып, / Бозчаар атын теминип, / Кайнап жаткан какандан, / Калдайып чыкты бөлүнүп; / Бар жарагын башкарып, / Найзасын ыргап колго алып, / Канчаларга баатырда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүп турду өз көзүм, / Ал Сейитке кудайы, / Алда канча күч берди, / Сүздүрбөстөн керикти, / Мурундан толгой кармады, / Такаңдатпай таманын, / Эки колун көтөрдү, / Жерге баса тартканда, / Керктин мойуну бүктөлдү, / Чанак өлдү дардайып, / Керки өлдү тартайып, / Качып келе жатамын, / Көргөнүмдү сага айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаныңда эки балага, / Баргын балам саламат, / Кудайыма аманат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кудайым берип салды, — деп, / Кубанганда чоң Ойрот, / Айдатып келип чочкодон, / Оң миңди кырып салганы, / Кудайына сыйынып, / Корстон болуп чалганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →