кудайла

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. дин. Кудайга жалынуу, жалбаруу, тиленүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал жерге келген катындар, / Ак элечек оронуп, / А кудайлап чуулдашып, / Арстан Манас баатырдын, / Арбагына жалбарып, / Басып турду чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Араба тогуз санына, / Эки жүз туйак малыңа, / А кудайлап сүйүнүп, / Алданабы аныңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йлап, / Качканы да кудай дейт, / Кууганы да кудай дейт, / Жер бетине маалым кеп, / Кош колдоп кармап жакасын, / Сүйүнсө да кудай деп, / Күйүнсө да кудай деп, / Кудайлаган нечен жан, / Кудайдын атын түк билбес, / Нечен миң аскер колбуган, / Оозун ачып кыйкырса, / Манастан башка сөз кирбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аңгычакты күмбөздөн, / Шамал чыгат куулдап, / Жез барабан кагылып, / Кернейдин үнү угулат, / Ак калпак кыргыз элдерден, / «А кудайлап» үн чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акчамалап ылайлап, / Аңдыган киши кудайлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →