кудай

китептерде 531 жолу, 10 китепте
  1. дин. Бүт дүйнөнү жаратуучу, башкаруучу, Эгем, Алла.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүндү кудай урганы, / Айал-уйал кылбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айткан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Турнабай алып колуна, / Көз жиберип караса, / Түштүктө жаткан томсоруп, / Жанжүрбөстүн кумуна, / Кудай бетин салбасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →